Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
№20 Жарлыгынын негизинде, 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык жыйын өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысы С.Н.Жапаровдун 2026-жылдын 29-январындагы “2026-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусу жаатындагы пландарын бекитүү жөнүндө” №20 Жарлыгынын негизинде, 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусун даярдоо планына ылайык жыйын өткөрүлдү.
Аталган планга ылайык, 2026-жылдын 11–13-март күндөрү өтө турган республикалык команда-штабдык машыгуунун пландарын тактоо жана тиешелүү нускамаларды берүү максатында райондук жарандык коргонуу кызматтары менен жыйын өткөрүлдү.
Жыйында алдыдагы машыгуунун уюштуруу маселелери, даярдык иштеринин жүрүшү жана тиешелүү кызматтардын милдеттери талкууланды.




