Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2025-жылдын 22-ноябрында Кадамжай районунда облустар аралык менталдык арифметика жана тез окуу боюнча олимпиада өттү
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана Кадамжай жаштар кеңеши тарабынан менталдык арифметика жана тез окуу багыттары боюнча облустар аралык олимпиада ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чарага Баткен жана Ош облустарынан 200дөн ашык окуучулар катышып, өз билимдерин жана жөндөмдөрүн сынап көрүштү.
Олимпиаданын негизги максаты – жаштардын логикалык ой жүгүртүү жөндөмүн өнүктүрүү, тез жана так окуу көндүмдөрүн бекемдөө, ошондой эле таланттуу окуучуларды аныктап, колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар арасында достук атмосферасын түздү. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жеткен окуучуларга дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы жана Кадамжай жаштар кеңеши бул сыяктуу билим берүү багытындагы демилгелер мындан ары да улантыларын белгилешти.








