Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2025-жылдын 26-ноябрында жаңыланган “Дипломатиялык кызмат” автоматташтырылган маалымат тутумунда иштөө боюнча окуу семинары өткөрүлдү.
Аталган окутуу семинарын аймактарда улантуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте райондук жана шаардык мекеме ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине окутуу мерчемделди.
Жыйын Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын аппараттын жетекчиси М.Абдураимовдун жетекчилиги астында өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси – Алибай уулу М, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин башкы адиси – А.Бакирова, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн адиси – А.Камилов, район аймагындагы мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана “e kyzmat” автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча иш алып барган (Кадр) кызматкерлери катышты.


