Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

2025-жылдын 28-октябрында райондук саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулуп, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштар айтылып төмөнкү маселелер талкууланды:

- Кургак учук оорусунун алдын алуу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 2- октябрындагы №18-10748 тапшырмасына ылайык, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 14- октябрындагы “Диний окуу жайлардын окуучулары жана окутуучуларын медициналык текшерүүдөн өткөрүү, оорунун алдына алуу боюнча” №01-15/281 буйругунун аткарылышы жөнүндө;

- Cарыктын В түрүнө каршы эмдөөнүн жүрүшү боюнча маселеси талкууланды;

- Жолбун жана ээси жок иттерди атуу боюнча көзөмөлгө алуу жана башкалар.

Жыйынтыгында, илдеттердин жайылышына жол бербөө, профилактикалык иштерди күчөтүү менен бир катар чечимдер кабыл алынды.