Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

2025-жылдын 29-ноябрында, Кадамжай районунун Айдаркен шаарында айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтүп жатат.

Жарманке жергиликтүү дыйкандарды жана чакан ишкерлерди колдоого, ошондой эле калкты сапаттуу жана экологиялык жактан таза азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталып, жашылча-жемиштер, сүт жана эт азыктары, бал, кургатылган азыктар жана кол өнөрчүлүк буюмдары сунушталууда.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы мындай иш-чаралар аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чоң салым кошорун белгилейт.