Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2026-жылдын 13-март күнү Кадамжай районунда өзгөчө камкордукка муктаж балдарга көңүл буруу жана колдоо көрсөтүү максатында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында район аймагында катталган өзгөчө камкордукка муктаж балдар жана Кут-Кадам үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар Кызыл-Кыя шаарындагы «Армада» соода борборунда жайгашкан «Иллюзион» оюн-зоок аянтчасына эс алууга алып барылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Глобал Гармент» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан балдарга атайын акысыз кийимдер тигилип берилип, белек катары тапшырылды. Ошондой эле Баяман Баатыр базарынын жетекчилиги тарабынан балдарга сумкалар жана окуу куралдары белек кылынды. Мындан сырткары, демөөрчүлөр тарабынан балдардын үй-бүлөлөрүнө жана камкордукка муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк топтомдору да берилди.
Ал эми «Иллюзион» оюн-зоок аянтчасы балдарды акысыз кабыл алып, алардын көңүлдүү жана кызыктуу эс алуусу үчүн бардык шарттарды түзүп берди. Балдар оюн аянтчасында ар кандай оюндарга катышып, кубанычтуу маанай менен убакыт өткөрүштү.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы балдардын маанайын көтөрүп, аларга камкордук көрсөтүү жана коомчулуктун колдоосун сезүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн маанилүү демилгелердин бири болду.
Иш-чаранын уюштурулушуна көмөк көрсөтүп, колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө жана кайдыг



