Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

2026-жылдын 14-мартында Кадамжай районунун аймагында ири масштабдуу ишембилик өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай районунун жана шаарынын жаштар кеңешинин ыктыярчылары, жергиликтүү тургундар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери активдүү катышты.

Ишембиликтин жүрүшүндө чоң жана кичи жолдордун жээктери, арыктар, ошондой эле мекеме-ишканалардын айланасы тазаланып, дарактар буталып, иретке келтирилди.