Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

2026-жылдын 25-февралында Кадамжай районунда Тажик-Ооган чек арасындагы болуп өткөн согуштун катышуучуларынын 27 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Эскерүү иш-чарасына Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин орун басары М. Айтматов, райондук мекеме-ишкана жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана ардагерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Тажик-Ооган чек арасындагы кызмат өтөө учурунда каармандык көрсөткөн жоокерлердин эрдиги эскерилип, алардын мекенчилдик миссиясы белгиленди. Катышуучулар курман болгондорду эскерип, ардагерлерге терең ыраазычылык билдиришти.

Иш-чаранын соңунда Майдан айыл аймагында жашаган Тажик-Ооган согушунун ардагерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында акимдин орун басары жана райондук мекеме-ишкана жетекчилери тарабынан кабар алынып, материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлдү.

Маалыматка ылайык, 1993–1999-жылдар аралыгындагы миссияда катаал шарттарга карабай Кадамжай районунан жалпы 75 жоокер катышкан. Бүгүнкү күндө 49 ардагер райондук аскер комиссариатынын тизмесинде каттоодо турат.