Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2026-жылдын 26-мартында райондук саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
2026-жылдын 26-мартында райондук саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишкана жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтар угулуп, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштар айтылып төмөнкү маселелер талкууланды:
- Кургак учук оорусунун алдын алуу;
• кош бойлуу эненин жана ымыркайдын өлүмүнүн алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу;
• Эмдөөдөн баш тарткан жарандар арасында түшүндүрүү иштеринин жүрүшү тууралуу.
Жыйынтыгында, илдеттердин жайылышына жол бербөө, профилактикалык иштерди күчөтүү менен бир катар чечимдер кабыл алынды.



