Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2026-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү, натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» №305 Жарлыгы
Ишембиликке райондук мекеме-уюмдардын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү мекемелеринин жамааттары жана айыл тургундары активдүү катышышты.
Иш-чаранын алкагында көчө жээктери, парктар, скверлер, коомдук жайлар, ошондой эле суу жээктери таштандылардан тазаланып, кургак чөптөр жана жалбырактар жыйналды.
Мындан тышкары, ирригациялык арыктар тазаланып, мыйзамсыз таштанды төгүлгөн жайлар ирээтке келтирилди. Жыйналган таштандылар атайын техникалардын жардамы менен белгиленген полигондорго чыгарылды. Айрым аймактарда бак-дарактар акталып, жаш көчөттөр отургузулду.
Бул иш-чаранын негизги максаты – айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык абалды жакшыртуу жана калк арасында тазалык маданиятын калыптандыруу болуп саналат.







