Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

2026-жылдын 28-мартында Кадамжай районунда массалык ишембилик өткөрүлдү 🌿

Кыргыз Республикасынын Президентинин №305 Жарлыгын аткаруу максатында, район аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча үч айлык жарыяланып, анын негизинде ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке мекеме-ишкана жетекчилери, аппарат кызматкерлери, айыл өкмөт жана шаардык мэриялар, айыл жана шаар тургундары, айылдык ден соолук комитеттери, аялдар жана аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, жаштар кеңеши, айыл имамдары ж.б. уюмдар активдүү катышып, аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Ишембиликке активдүү катышкан ар бир жаранга жана мекеме-ишкана кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз!

Таза айлана — сергек жашоо! 🌱