Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
2026-жылдын 30-сентябрында Кадамжай районунда өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү
2026-жылдын 30-сентябрында Кадамжай районунда өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 4-июнундагы «Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча 2026–2030-жылдарга кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кадамжай районунда өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдештин негизги максаты — райондун аймагында шахматты кеңири жайылтуу, өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн жана стратегиялык чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле жаштарды сергек жашоо образына жана пайдалуу убакыт өткөрүүгө тартуу.
Мелдешке райондогу жалпы билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан өспүрүмдөр катышып, шахмат боюнча өздөрүнүн чеберчилигин жана даярдыгын көрсөтүштү. Катышуучулар арасында кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюндар өтүп, жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон катышуучуларга дипломдор жана медалдар тапшырылды.












