Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

21-февраль - Эл аралык эне тил күнү.

Кадамжай районунун аймагында 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө карата кыргыз элинин тилин, тарыхын, маданиятын даңазалоо, район аймагындагы жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү жана улуттар аралык ынтымактыкты чыңдоо максатында

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу кабыл алынып,

район аймагында бир айлык жарыяланды.

Бир айлыктын алкагында жер- жерлерде эне тилди даңазалоо максатында иш-чаралар уюштурулууда.

Ошондой эле иш-чара бүгүн Кадамжай шаарындагы мектеп- лицейинде жогорку деңгээлде өткөрүлдү.