Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

23-февраль — Мекен коргоочуларынын күнүнө карата Кадамжай районунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жана Кадамжай райондук маданият үйү тарабынан уюштурулду.

Майрамга карата куттуктоо иш-чарасынын алкагында райондун аймагындагы аскердик мекеме-ишканалардын кызматкерлерин куттукташты.Маданий программада, патриоттук ыр-бийлер аткарылып, майрамдык маанай тартууланды.

Мекен коргоочулардын күнү — бул мамлекеттин коопсуздугун, тынчтыгын жана эгемендүүлүгүн сактоого салым кошкон жарандарды даңазалоочу өзгөчө күн.