Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
8-март — Эл аралык аялдар күнүнө карата Кадамжай районунда салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага район аймагындагы мекеме-ишканаларда эмгектенген айымдар, ардагер энелер жана коомго үлгү болгон кадыр-барктуу аялдар катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Б. Баяке уулу айымдарды жаздын жаркын майрамы менен куттуктап, алардын коомдогу, үй-бүлөдөгү жана мамлекеттин өнүгүшүндөгү орду өзгөчө экенин белгилеп, өз сөзүндө аялзатынын эмгегин жогору баалап, райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошуп жаткан салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.
Майрамдын алкагында район аймагында ар кыл тармактарда үзүрлүү эмгектенип, коомдук турмушка активдүү катышып келе жаткан айымдарга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттары жана белектер тапшырылды.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында «Бейиш 2: Апама кат» аттуу кино тасмасы көрсөтүлүп, катышуучуларга өзгөчө таасир калтырды.
Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу майрамдык маанай тартуулады. Бул күнү аялзатына болгон терең урмат-сый жана ыраазычылык дагы бир ирет даңазаланды.









