Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
"Апам жапкан нанды сагындым"

Мекенди коргоо күнү – эр жүрөк жоокерлерибиздин каармандыгын даңазалаган өзгөчө майрам! 23-февраль күнү Кадамжай районунун аймагындагы чек ара заставаларында "Апам жапкан нанды сагындым" аталышындагы өзгөчө иш-чаралар өткөрүлдү.
Бул күндө жоокерлерибиздин мээримдүү энелерин, үйдүн жылуулугун, элдин колдоосун сагынган сезимдери жүрөккө жакын темага айланды. Ата-энелердин мээрими менен бышкан ыктоо нан жыттанып, жоокерлерди алыстагы үй-бүлөсүнө бир аз болсо да жакындаткандай болду.
Иш-чаранын алкагында чек арачылар үчүн ар кандай маданий программалар уюштурулуп, согуш ардагерлери жана коноктор аларга каалоо-тилектерин жолдошту. Бул күн жоокерлер үчүн жөн гана майрам эмес, аларга мекенибиздин тиреги болгондугун дагы бир жолу эске салган маанилүү учур болду.
Мекенибиз тынч, чек арабыз бекем болсун!