Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
"Кадамжайда жаштар үчүн жаңы спорттук клуб ачылды"
Жергиликтүү бийликтин жана жеке ишкерлердин колдоосу менен Кадамжай шаарында жаш өспүрүмдөр үчүн спорттук клуб өз ишин баштады. Бул жаңы клубтун негизги максаты — жаш муундун ден соолугун чыңдоо, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги чемпиондорду тарбиялоо болуп саналат.
Спорттук клуб күрөш багытында иш алып барат. Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы жана Жергиликтүү бийлик бул демилге жаштардын бош убактысын туура пайдаланууга жана алардын өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгилешти.
Спорттук клубтун ачылыш аземине Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, Кадамжай шаарынын мэри, ата-энелер жана жаш спортчулар катышып, ишкердик менен коомчулуктун кызматташуусу аймактын өнүгүүсүнө өбөлгө болору баса белгиленди.





