Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Айдаркен шаарында шагал жана бетон өндүрүүчү ири ишкана ачылды
Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында таш майдалоочу жана бетон заводунун курулушу толугу менен аяктап, бүгүн расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Шаменов, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Таш майдалоочу жана бетон заводу толук кубаттуулукта иштеген учурда күнүнө 60 тонна шагал жана 1000 м³ бетон аралашмасын өндүрө алат. Бул Айдаркен шаарынын жана жалпы район аймагындагы курулуш тармагынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
Заводдун курулушуна Баткен облусун өнүктүрүү боюнча республикалык бюджеттен каралган 500 млн сомдун алкагында 32 млн сом, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 20 млн сом бөлүнгөн. Ишкананын ишке берилүүсү менен 10 туруктуу жумуш оруну түзүлүп, келечекте ишканадан түшкөн каражат жергиликтүү бюджеттин кирешесин толуктоого багытталат.
Ачылуу аземинен кийин облус башчысы жана район жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы бир катар социалдык маселелер боюнча сунуш-пикирлерди угуп, ар бир маселе жеринде талкууланып, тиешелүү мамлекеттик кызматтарга тактоо жана чечүү боюнча тапшырмалар берилди.









