Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Ак-Турпак айыл аймагынын Дюкер участкасынын эли менен жолугушуу өткөрүлдү

Бүгүн аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликти Дюкер участкасындагы жергиликтүү тургундар менен жеринде жолугушуу өткөрдү.

Дюкер участкасынын жергиликтүү тургундары тарабынан көйгөйлүү социалдык маселелер, электр энергия, жол маселеси жана айыл статусу көтөрүлүп, жыйында ар бир суроого тийиштүү жетекчилердин катышуусунда жооп берилип, бир канча маселени чечүүгө шарт түзүлдү.

Ошондой эле Дюкер усаткасындагы мектептин абалын жеринде көрүп, мектеп окуучуларынан кабар алды.