Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Коргон айылында Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштеринин жүрүшү жеринде текшерилди.

Аталган иш-чарага райондун акими Б. Баяке уулу, Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Токсонбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Т. Айтбаев катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, дарыя жээгин бекемдөө сел жана суу ташкындарынын алдын алууда өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

Жетекчилер курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу менен, белгиленген мөөнөттө бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды беришти.