Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Аким Б.Баяке уулу Ак-Турпак айыл аймагындагы элдер менен жолугушуу өткөрдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Жолдошов, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы А.Козибаев, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кадамжай филиалынын директорунун орун басары К.Ырысматов айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер боюнча туруктуу комиссиясы менен биргеликте Ак-Турпак айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби» тууралуу типтүү Жобого ылайык иш алып баруу боюнча жыйын өткөрүлүп, бир канча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле, аким Б.Баяке уулу Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жарандарды жеке кабыл алып, айтылган маселелер жеринде чечилип, тиешелүү мекеме-ишканаларга тапшырмалар берилди.