Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Аким Болоткан Баяке уулу Кадамжай райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси жана кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

Жыйындын жүрүшүндө аким Болоткан Баяке уулу тарабынан Кадамжай районундагы райондук электр тармактары ишканасынын иши бир топ убакыттан бери канааттандырарлык эмес экендиги айтылды. Ошондой эле район тургундарынын электр энергиясына болгон жеткиликтүүлүгүндө пайда болгон кыйынчылыктарды да белгилеп, жетекчилерге алдыдагы иштерди так уюштуруп, түзүлгөн абалды кыска убакыт аралыгында жакшыртууну тапшырды.
Болоткан Баяке уулу жетекчилерге өз милдеттерин жоопкерчиликтүү аткарууга, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн мүмкүн болушунча тез жана эффективдүү чечүүгө, алар менен жакшы мамиледе болууга чакырды. Жыйындын соңунда конкреттүү иштердин аткарылышын көзөмөлдөп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча атайын план иштелип чыгып, аны ишке ашыруу үчүн белгиленген жооптуу адамдарга тапшырмалар берилип, милдеттерди так аткарбаган кызматкерлерге тийиштүү тартипте чаралар көрүлүүсү да эскертилди.