Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
“Акимдин предметтик олимпиадасы” окуучулардын олимпиадага болгон кызыгуусун арттырат.
2026-жылдын 14-мартында Кадамжай районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан 5-6-класстын окуучуларына “Акимдин предметтик олимпиадасын” өткөрүү жөнүндө Жобосуна ылайык, окуучуларга колдоо көрсөтүү менен өнүгүүсүнө шарт түзүү, жалпы билим берүү мектептердин окуучуларынын арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, тандаган предметке карата окуучулардын кызыгуусун арттыруу о.э. окуучулардын олимпиадага болгон кызыгуусун, аракетин эрте курактан ойготуу максатында демилгеленген “Акимдин предметтик олимпиадасынын” биринчи баскычы өттү.
Жалпысынан райондун аймагындагы жети зонада уюштурулган олимпиадага 1610дон ашык окуучулар катышты. Анда 5-6-класстын окуучулары тарых, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили предметтеринен окуу программаларынын негизинде түзүлгөн тестирлөө формасында өз билимдерин сынашты. 1-2-3-орунду камсыз кылган окуучулар олимпиаданын райондук туруна жолдомо алышты.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан жаш муундун билим сапатын жогорулатуу менен аларга дем берүү максатында демилгеленген иш-аракеттердин бири деп атаган.







