Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен жыйын өткөрүлдү

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Коргонбаев, тиешелүү мекеме ишкана жетекчилери жана А.Масалиев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен биргеликте Масалиев айыл аймагындагы "калктуу конуштардын жерлерине" которулган 150,0 га жер аянты боюнча жыйын өткөрүлдү.
Б.Коргонбаев жыйындын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” №177 токтомунда көрсөтүлгөн тартипте аймактагы жашоочулардын муктаждыктарына жана категорияларына карап берүүнү эскертти.
Турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүп берилгени менен ал жерлер электр энергиясына, сууга, жолго болгон муктаждыктары бар экендигин белгилеп, келечекте райондук өнүктүрүү фондуна долбоорлорду түзүп тапшырууну жана аталган жерге инвестицияларды тартууну сунуштады.