Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Бүгүн 2025-жылдын 26-июнунда Кадамжай шаарына караштуу Жаны-Жер айылында эл менен болгон кезектеги жыйын өткөрүлдү.

Бул жолугушууга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын негизги максаты — жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн угуп, аларды жеринде талкуулоо жана ыкчам чечүү жолдорун табуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө тургундар социалдык жана инфратүзүм маселелери, суу, жол, электр энергиясы, билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу бир катар темаларды көтөрүшүп, өз суроо-талаптарын жана сунуш-пикирлерин ачык-айкын билдиришти.
Аким Б.Баяке уулу жыйындын жүрүшүндө көтөрүлгөн айрым маселелер боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине так тапшырмаларды берип, аларды ыкчам түрдө чечүү зарылдыгын белгиледи.
Мындай элдик жыйындар мындан ары да ар бир айыл аймакта өткөрүлүп, жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлери жана көйгөйлөрү жеринде каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт.