Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Бүгүн Кадамжай районунда Нооруз майрамы жана Гүл фестивалы эл аралык деңгээлде өзгөчө шаң-шөкөт менен белгиленди. Майрамдык иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Болоткан Баяке уулу, жергиликтүү мамлекеттик мекемелерди

Ошондой эле майрамга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн орун басары Патрик Хаверман, Эл аралык миграция уюмунун (МОМ) өкүлдөрү жана башка ардактуу коноктор менен катар коңшу Өзбекстан Республикасынан келген делегациянын өкүлдөрү катышып, иш-чаранын эл аралык деңгээлин дагы да жогорулатышты.

Майрамдын алкагында шаар тургундары жана коноктор үчүн ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду. Атап айтканда, улуттук даамдарды даңазалаган тамак-аш конкурсу, кол өнөрчүлүк жана айыл чарба продукциялары коюлган жарманкелер, ошондой эле кызыктуу спорттук мелдештер өткөрүлүп, катышуучуларга көтөрүңкү маанай тартуулады.

Мындан тышкары, майрамдык концерттик программа келгендердин көңүлүн өзгөчө бурду. Кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары Нияз Абдыразаков, Бекболот Юлдашев жана «Трио» тобу сахна көркүн ачып, өздөрүнүн мыкты чыгармаларын тартуулап, элге майрамдык маанай белек кылышты.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 жарлыгына негиз Кадамжай элинин биримдигин, маданий баалуулуктарын жана меймандостугун даңазалап, Нооруз майрамынын маңызын терең чагылдырган жаркын окуялардын бири болду.