Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Экспортко багыт алуу.

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун мамлекеттик мекемесинин Баткен облусу боюнча өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага аймактагы айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана жеке ишкерлер келип катышып, мындан ары өндүрүлгөн продукцияларды экспортко чыгаруунун жол жоболорун үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк алышты.