Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

.«Кадамжай – инвестициялардын жана туруктуу өнүгүүнүн аймагы» темасында инвестициялык форуму.

«Кадамжай – инвестициялардын жана туруктуу өнүгүүнүн аймагы» темасында инвестициялык форуму.

Бүгүн Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу максатында «Кадамжай – инвестициялардын жана туруктуу өнүгүүнүн аймагы» темасында инвестициялык форуму болуп өттү.

Инвестициялык форумга райондун прокурору Качугулов Нурлан Хамильбекович, Кадамжай районунун салык кызматынын башчысы Зулпуев Русланбек Абдивапович, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облусу боюнча директору Абдуллаев Данияр Аманович, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз-Өзбөк өнүктүрүү фондунун жана башка фонддордун өкүлдөрү, жеке ишкерлер, инвесторлор жана шаар мэрлери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Кадамжай району табигый ресурстарга бай, айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай, энергетика жана туризм тармактарында чоң потенциалга ээ. Бүгүнкү күндө районубузда инвестиция тартуу аркылуу жаңы өндүрүштөрдү түзүү, жумуш орундарын көбөйтүү жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө.

Бүгүнкү форумда ишкерлер, инвесторлор, каржы институттары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү үчүн ачык диалог жүргүзүлүп, жаңы долбоорлорду талкуулоого жана келечектеги кызматташууларды баштоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарттарды түзүп берди.

Ал эми райондогу мамлекеттик банктар, кредиттик уюмдар тарабынан жеке ишкерлерге жеңилдетилген насыялар, аларды натыйжалуу пайдалануу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ак-Турпак айыл аймагына күн электро станцияларын куруу боюнча “КСЕ Групп” ЖЧКсы жана Орозбеков айыл аймагына гидро электро станцияларын куруу боюнча эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду.

Андан тышкары 2025-жылдын жыйынтыгы менен эң көп салык төлөмдөрүн төлөгөн жана эң көп жаңы жумуш орундарын түзгөн ишканалар аныкталып, алар райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.