Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
КАДАМЖАЙ КАЙРЫКТАРЫ

Ж.Мамажанов атындагы маданият үйүндө Кадамжай районунун «Кадамжай кайрыктары” чыгармачыл бирикмесинин 7 жылдык юбилейлик адабий кечесине арналган “Көч улаган өмүр кенч” жыйнагы жана “Өмүр дайрасы” китептеринин бет ачары болуп өттү.
Аталган иш чараны Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан өз куттуктоо сөзүндө акын жазуучуларга чыгармачылык ийгилик каалап -Биздин чыныгы тарыхый жана нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүп, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен адабияттын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүүдө биздин калемгерлердин эмгеги зор деп билемин! деп өз сөзүндө белгиледи.