Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай малина концентраты алтын медалга татыды.

2026-жылдын 27-февралында Бишкек шаарында БАБП (Бир айылдан бир продукт) долбоорунун Улуттук бренддер сынагы өттү. Иш-чара аймактардын жыйынтыгын чыгаруу жана мыкты ата мекендик товарларды көрсөтүү үчүн негизги аянтча болду.

Иш-чарага КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыяр Токсонбаев жана JICA уюмунун өкүлдөрү жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси катышып, өндүрүүчүлөргө колдоо сөздөрүн билдиришти.

Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан 57 аталыштагы продукция катышты. Бардык товарлар бренддик баалоодон өтүп, сапат, өзгөчөлүк жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк боюнча аймактык бренд сертификаттарын алышты.

Жеңүүчүлөр:

1-орун алтын медалы — «Дан куурай концентраты» (Нургүл Ысакова, "Охна Фрутс" айыл чарба кооперативи Баткен облусу, Кадамжай району Орозбеков айыл аймагы);

2-орун күмүш медалы — «Мисте печеньеси» (Алиярова Гүлчехра, Жалал-Абад облусу);

3-орун коло медалы — «Хурма чипсилери» (Октамова Саидахон).

Мындан тышкары Кадамжайдын 2 продукциясы төмөнкү сыйлыктарга да ээ болду:

1. “Ден соолук жана сулуулук үчүн эң мыкты продукция” номинациясы боюнча 1-орунду ээлеген Малина концентраты татыды. Өндүрүүчүсү Нургүл Ысакова “Охна Фрутс” айыл чарба кооперативи.

2. “Эң мыкты продукт” — Кызылча ширеси, өндүрүүчү жеке ишкер Сапаргүл Жусупбекова “Эко Сок” бренди Орозбеков айыл аймагы.

Долбоор 2017-жылдан бери 7 облусту камтып келет. 2023-жылдан тартып Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга жайылып, продукциялар Японияга, Европа өлкөлөрүнө, БАЭге жана АКШга экспорттолууда.

Долбоордун негизги максаты — аймактардагы сапаттуу жана өзгөчө продукцияларды аныктоо, аларды бренд деңгээлине жеткирүү жана ички-тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Бир айыл – бир продукт” долбоору Баткен облусунда 2018-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Бул аралыкта 50дөн ашуун продукция иштелип чыгып, алардын 40ка жакыны “Бренд” макамын алып, бүгүнкү күндө республиканын аймагында сатыкка чыгарылган.

Жеңүүчүлөрдүн продукциялары жогорку сапаты, табигый курамы жана улуттук өзгөчөлүктү сактаганы менен айырмаланды. Алардын эмгеги жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошууда.