Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (КРАОААжМСЭКБ) 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат
1. Жалпы маалымат:
2025-жылы Кадамжай РАОАА жана МСЭКБ тарабынан район аймагында жугуштуу оорулардын алдын алуу, санитардык-гигиеналык коопсуздукту камсыздоо жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча пландуу жана пландан тышкаркы иштер жүргүзүлдү.
________________________________________
2. Тамак-аш жана коомдук тамактануу объектилери боюнча иштер:
• 2025-жылы 12 ашкана, 6 дүкөн, 1 базар текшерилип, 67 кемчиликтер аныкталган.
• 7 ишкерге санитардык милдеттендирмелер, 4 ишкерге 16 000 сом айып пул салынган.
• СБЛ жана СГЛ лабораторияларына 263 үлгү тапшырылып, 57си талапка жооп бербеген деп табылган.
• “Картуз” жана “Береке” туздарында йоддун көлөмү ГОСТ Р 51575-2000 талабына туура келбегендиктен, 4 кг туз иштетүүдөн алынып, 7 ишкерге 35 000 сом айып пул салынган.
• Июль–август айларында тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча 6 рейд жүргүзүлүп, “Ботулизм” оорусу тууралуу макала жарыяланган.
________________________________________
3. Балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы:
• 2025-жылы 13 бала бакча жана үй тибиндеги мекемелер текшерилген.
• Текшерүүлөрдүн негизинде 7 мекемеге санитардык милдеттендирмелер берилген.
• Кемчиликтерди жойгондон кийин “Мээрим-2”, “Хадича-Эне”, “Жаш Таалимтай”, “Келечек-Күн нуру” бала бакчаларына иштөөгө уруксат берилген.
• “Солнышко” жана “Көгүчкөн Кайтпас” бала бакчаларында коопсуздук талаптары аткарылбагандыктан, иштөөгө уруксат берилген эмес.
• “Наристе” жана “Кадам Кидс” үй тибиндеги бала бакчаларына ишмердүүлүктү убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.
________________________________________
4. Медреселер боюнча иштер:
• Райондо жалпы 4 медресе (“Ак-Эшан ата”, “Имам-Азам”, “Азирети-Али”, “Абу-Ханифа”) иш алып барууда.
• “Ак-Эшан ата” медресесинде жана жайкы лагерлерде санитардык абал начар болгондуктан, ишмердүүлүк убактылуу токтотулган.
• Жалпы 3 санитардык көрсөтмө, 1 объект жабылды, 2 объектке 10 000 сомдук айып пул салынды.
• “Ынтымак” мечитинде рейд жүргүзүлүп, үлгүлөр лабораторияга тапшырылган.
________________________________________
5. Жайкы “Ак-Суу” балдар лагери:
• “Ак-Суу” эс алуу жайы санитардык талаптарга ылайык текшерилип, иштөөгө уруксат берилди.
• Жайкы сезондо 4 агымда 316 бала, анын ичинде 40 мүмкүнчүлүгү чектелген бала эс алган.
• Тамак-аш жана ичүүчү суулардын сапаты лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүлгөн.
________________________________________
6. Коммуналдык гигиена жана ичүүчү суу:
• Кадамжай районунун суу түтүкчөлөрүнүн абалы жана ичүүчү суунун сапаты текшерилген.
• 9 жеке ишкерге жана бир нече ЖДПБ объектилерине текшерүү жүргүзүлүп, сунуштар берилген.
• Уч-Коргон жана Алга суу түтүкчөлөрүнөн үлгүлөр алынып, лабораторияда изилденди.
• Бардык арыздар өз убагында каралып, сунуштар берилди.
________________________________________
7. Медициналык мекемелер жана клиникалар боюнча көзөмөл:
• КР ССМнин №867 буйругунун негизинде Кадамжай шаарындагы 18 медициналык жана стоматологиялык клиникада комиссиялык текшерүү жүргүзүлдү.
• “Доктор Мамырович”, “Эл стом”, “Нур стом”, “Президент”, “Биодент” ж.б. клиникаларга санитардык көрсөтмөлөр берилди.
• Кемчиликтер үчүн 80-берене боюнча 3000 сом, 214-берене боюнча 1000 сом айып пул салынды.
• Үч-Коргон жана Кадамжай ЖДПБларда эмдөө пункттары текшерилип, эмдөө комитети өткөрүлдү.
________________________________________
8. Паразитардык жана мите курт оорулары боюнча иштер:
• 2025-жылдын 2 айында 1874 жарандан заң үлгүсү алынып, 3926 анализ жүргүзүлгөн.
o 55 аскарида, 11 чүчөк, 34 лямблия аныкталган.
• Мектепке жана бала бакчага кирген 986 бала текшерилип, 2 аскарида, 4 чүчөк, 20 лямблия табылган.
• Райондо 14 эхинококкоз жана альвеококкоз учуру катталып, эпидемиологиялык иликтөөлөр жүргүзүлгөн.
• Жалпы 12 санитардык милдеттендирме жөнөтүлүп, ветеринардык кызмат менен маалымат алмашуу жүргүзүлгөн.
________________________________________
9. Башка иштер жана жетишкендиктер:
• Санитардык-гигиеналык лаборатория эл аралык “Чегарасыз дарыгерлер” уюмудан 4 380 000 сомдук рентгено-флуоресценттик спектрометр белекке алды.
• Кызматкерлер тарабынан Камбар-Ата ГЭСтеринен, Кызыл-Кыя архивинен жана башка объектилерден анализдер алынып келди.
• “Азирет Али” медресесинин окуучулары медициналык кароодон өткөрүлдү.
• “Торговый базарда” жүргүзүлгөн рейдде эки дүкөн жана эки самсакана убактылуу жабылды.
________________________________________
Жыйынтык:
2025-жылы Кадамжай РАОАА жана МСЭКБ тарабынан санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, жугуштуу оорулардын жана мите курт инфекцияларынын алдын алуу, балдар мекемелеринде жана коомдук тамактануу жайларында көзөмөлдү күчөтүү боюнча бир катар иштер аткарылды.
Калктын саламаттыгын сактоо жана санитардык маданиятын жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштери системалуу жүргүзүлүп, талап бузгандарга тиешелүү административдик чаралар көрүлдү.













