Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү.
2026-жылдын 6-мартында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Ардагерлер кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин орун басары М. Айтматов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы жана район аймагындагы ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ардагерлер кеңешинин ишмердүүлүгү талкууланып, аткарылган иштер боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын соңунда бир катар ардагерлер Ардагерлер кеңешинин төш белгилери менен сыйланышты.












