Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2025-жылга карата аткарган иштери жөнүндө маалымат

1. Жалпы маалымат:

Кадамжай районунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты жана чарба объектилерин мүмкүн болгон чыгымдардан сактоо, адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратпоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери менен биргеликте бир катар алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

2. Мониторинг жана алдын алуу иштери:

Райондун аймагында кооптуу делген 21 объектке мониторинг жүргүзүлдү.

Сел жүрүүчү сайлардын нугун тазалоо жана бекемдөө иштери жүргүзүлүп, жалпы 17 700 метр аралыкта алдын алуу иш-чаралары аткарылды.

Кооптуу тилкелерди бекемдөө максатында 360 даана габион торчолору орнотулду.

3. Инфраструктуралык иштер:

Ак-Турпак айыл аймагында узундугу 840 метр болгон сел сууларын өткөрүүчү канал курулуп бүттү.

Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Жеңиш айылынын түндүк тарабындагы Айранчи сел тосмосун бекемдөө иштери «Бектур Келечек» ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Иштин сметалык баасы — 12 159 000 сом.

Бекемдөө иштеринде чоң таштар колдонулууда.

4. Коомдук жана билим берүү багытындагы иш-чаралар:

2025-жылдын 23-октябрында Кадамжай шаарындагы №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинде өзгөчө кырсыктардын алдын алуу максатында «Жаш куткаруучулар» аттуу мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке 9-класстардын окуучулары катышып, жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда туура аракеттенүү көндүмдөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын негизги максаты — жаштар арасында коопсуздук маданиятын өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдарда туура аракет кылууга үйрөтүү.

5. Өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары:

Кадамжай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан күз-кыш мезгилине карата Кадамжай шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.

Калкка мештерди жана электр жылытуучу шаймандарды туура колдонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Өрт коопсуздугу боюнча эскертмелер жана нускамалар таратылды.

6. Жыйынтык:

Аткарылган иштер Кадамжай районунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга, калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана табигый кырсыктардан келтирилиши мүмкүн болгон зыяндарды азайтууга багытталган.