Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай райондук суу чарба башкармасынын 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат

Жалпы маалымат:

Кадамжай райондук суу чарба башкармасынын тейлөө аймагында 29 954 га сугат жер бар.

Анын ичинен:

• 20 658 га – чарбалар аралык сугат тармагынан,

• 9 296 га – ички чарбалык тармактар аркылуу суугарылат.

Балансында:

• 405,6 км чарбалар аралык канал,

• 237 гидротехникалык курулма,

• 71 гидропост,

• 2 скважина бар.

Сугат суу Шахимардан, Исфайрам жана Сох суу алуу түйүндөрүнөн алынат.

________________________________________

Сугат суу боюнча:

2025-жылга сугат суу берүү планы:

• Суу алуу – 519 970 миң м³,

• Суу берүү – 445 991 миң м³,

• Сугат аянт – 395 228 га,

• Келишимдик суу – 328 619 миң м³, сумма – 20,62 млн сом.

1-октябрга карата аткарылышы:

• Суу алуу – 493 311 миң м³ (100%),

• Суу берүү – 424 128 миң м³ (100%),

• Сугат аянт – 368 368 га (98%),

• Келишимдик суу – 312 795 миң м³ (100%),

• Суу кызматынан түшкөн каражат – 13,98 млн сом.

________________________________________

Капиталдык жана утурумдук ремонт иштери:

• Жалпы пландалган каражат – 8,3 млн сом, аткарылганы – 6,2 млн сом.

• 2,2 км канал ремонттолду, 30 км механикалык тазалоодон өттү.

• 29 гидротехникалык курулма жана 12 суу өлчөөчү түзүлүш оңдолду.

________________________________________

Негизги долбоорлор жана объекттер:

1. Р-1 дюкер:

4,4 км узундуктагы канал курулуп, 881 га аянт суу менен камсыз болду. Жалпы наркы – 155,6 млн сом.

2. Нургазиев жана Алга каналдары:

Сыйымдуулугун жогорулатуу жана капиталдык ремонт боюнча 9 млн АКШ доллары көлөмүндөгү долбоор ишке даярдалып, тендер өткөрүү стадиясында.

3. Жетиген БСР:

Көлөмү 500 миң м³, 1000 га жерди суу менен камсыздайт.

• 28 миң м³ тазалоо иши жүргүзүлдү.

• 14 400 м² геомембрана төшөлдү (12,39 млн сом).

• Долбоордук жана техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.

4. Тамаша БСР:

Көлөмү 350 миң м³, 170 га тамарка аянтын камсыздайт.

2024-жылы баланска алынган. Азыр механикалык тазалоо иштери жүрүп, долбоор даярдалууда.

5. Кожо-Кайыр системасы:

Узундугу 31 км, 6300 га жерди сугат суу менен камсыздайт.

• Азия Өнүктүрүү Банкы аркылуу 275 млн сомдук реабилитация иштери аткарылып, 10,9 км канал толук оңдолду.

• Ички чарбалык каналдар боюнча 1 млн АКШ доллары (76,5 млн сом) бөлүнүп, 10,9 км иш бүткөрүлдү.

• Исмат жана Лаган каналдарын кеңейтүү долбоорлору даярдалууда.

6. Анхор жана Тешик каналдары:

• Анхор каналы: 18,6 км, 3300 га жерди сугат суу менен камсыздайт.

• Тешик каналы: 22 км, 620 га жерди суу менен камсыздайт.

Эки канал жер каналы болгондуктан, бетондоо боюнча Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору даярдалууда.

________________________________________

№207 Токтомдун аткарылышы боюнча:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомунун негизинде:

• Ак-Булак айылындагы 33,89 км ички канал жана 1 БСР Кадамжай РСЧБсынын балансына өткөрүлүүдө.

• Молдо-Нияз айыл аймагындагы “Нургазиев” (21 км), ички чарбалык (14 км) жана “Бүргөндү” (9 км) каналдарын баланска алуу процесси жүрүүдө.

• Калган айыл өкмөттөр боюнча документтерди даярдоо жана базага киргизүү иштери жүрүп жатат.

________________________________________

Жыйынтык:

Кадамжай райондук суу чарба башкармасы 2025-жылдын 1-октябрына карата пландалган иштерди дээрлик толук көлөмдө (98–100%) аткарып, район аймагындагы сугат системаларынын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыз кылды.