Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда 190 үй-бүлө "Социалдык келишим" боюнча окутуу
Социалдык келишимдин катышуучулары финансылык сабаттуулук, бизнес көндүмдөр, салык мыйзамдары жана маркетинг боюнча өздөрүнүн кесиптик потенциалын жогорулатышууда. Кадамжай району боюнча 9 күндүн ичинде 190 жаран эки баскыч менен атайын окутуудан өтүүдө.
Алынган билим жана көндүмдөр социалдык жардамды, анын ичинде социалдык контракттын негизинде натыйжалуу көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Окутуу Дүйнөлүк банктын “Социалдык жардам программасын жана эмгек рыногун бекемдөө” долбоорунун алкагында уюштурулду. КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл 20 миң жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишим түзөөрүн билдирүүдө.
Окутуунун жүрүшүндө алынган көндүмдөр ишке орноштуруу кызматтарынын кызматкерлерине бизнес-сунуштарды туруктуулук жана натыйжалуулук позициясынан кыйла комплекстүү баалоого, мындан ары бул долбоорлорду ишке ашырууну сапаттуу коштоого мүмкүндүк берет.