Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА 2025-ЖЫЛДЫН I-КВАРТАЛЫ БОЮНЧА СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА 2025-ЖЫЛДЫН I-КВАРТАЛЫ БОЮНЧА СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 28-апрелинде Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында райондук мекеме-ишкана жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышкан коллегиялык жыйын болуп өттү. Иш-чарада 2025-жылдын I-кварталындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары жана алдыдагы негизги милдеттер кеңири талкууга алынды.

Жыйындын жүрүшүндө аким Б.Баяке уулу район боюнча экономикалык көрсөткүчтөрдүн жалпы абалына токтолуп, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, инфратүзүм, инвестиция тартуу жана калкты жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы жетишкендиктер менен катар чечүүнү талап кылган маселелерди ачык белгиледи.

Коллегия жыйынтыгында тиешелүү тапшырмалар жана конкреттүү мөөнөттөр коюлуп, аткаруу жоопкерчилиги мекеме жетекчилерине жүктөлдү.