Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда 3-Элдик курултайдын делегаттары менен жыйын өттү

2025-жылдын 23-июлунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында 3-Элдик курултайдын делегаттары катышкан жыйын өткөрүлдү. Иш-чара аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында өтүп, район аймагындагы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.

Жыйындын негизги максаты — курултайда көтөрүлгөн маселелерди талкуулоо жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карап чыгуу болду. Делегаттар билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо, инфраструктура жана жаштар саясаты боюнча маселелерди көтөрүшүп, жетекчилер маселелерди толук түшүндүрүп, кээ бир көйгөйлөрдү жеринде карап, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Аким, мындай жолугушуулар жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин арттырууга, ошондой эле эл менен бийликтин ортосунда ачык жана туруктуу байланыш түзүүгө өбөлгө болоорун баса белгилеп, курултай делегаттарына ыраазычылык билдирип, мындай ачык диалог форматын мындан ары да туруктуу негизде улантуу зарылдыгын белгиледи.