Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жыйын болуп өттү

Бүгүн, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген "Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык, райондогу мунапыс объектилери боюнча кеңейтилген жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага райондук комиссия мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү адистер катышты.
Жыйында шахматтык тибиндеги жер аянттарын тактоону тездетүү, системалык каттоодон өтүп, колдорунда мамлекеттик актысы бар бирок жерлери айыл чарба багытындагы жерлер болгондуктан мунапыс мыйзамына ылайык тактоо иштери жүргүзүү жагы тапшырылды.