Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда Ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы №231 «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» Жарлыгын ылайык 7-ноябрында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленип өткөрүлүп, Кадамжай районунан чыккан улуу жетекчилер Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Полотхан, Молдо Нияз, Абсамат Масалиев, Социалисттик эмгектин баатырлары Азиз Токтобаев, Сайдилла Тешеев, эл мугалими Эржигит Шакировдор сыяктуу инсандарыбыз эскерилди.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, мекеме жана ишканалардын жетекчилери, ардагерлер катышышты.

Ошондой эле А.Мамажанов атындагы райондук маданият үйүндө эскерүү иш-чарасы улантылып, Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары М.Айтматов, шаар мэри А.Мурзажанов, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышышты.

Иш-чарада тарыхыбыз жана ата-бабалар басып өткөн жол тууралуу баяндалып, 1916-жылдагы Үркүн, Улуу Ата Мекендик согуш, Афган согушу, ошондой эле Кадамжай районуна чыккан улуу жетекчилер, баатырлар жана башка тарыхый инсандар жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп, көркөм окуулар окулду.

Бул иш-чаранын негизги максаты — элдин тарыхын урматтоо, ата-бабалардын эрдигин эскерүү жана жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.