Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда балдардын ден соолугун чыңдоого багытталган жайкы эс алуу уюштурулуп жатат

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен Орозбеков айыл аймагында жайгашкан “Ак-Суу” эс алуу борборуна жалпы 93 бала жөнөтүлдү. Анын ичинен 15 бала Кадамжай райондук ден соолукту чыңдоо жана профилактика борбору тарабынан, ал эми 78 бала жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тандалып жиберилди. Жөнөтүлгөн балдардын катарына социалдык жактан аярлуу катмардагы балдар кирет.

Белгилей кетсек, буга чейин да Орозбеков айыл аймагындагы “Ак-Суу” лагерине райондук билим берүү бөлүмү тарабынан 100 бала, ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан уюштурулган, Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Алтын-Балалык” ден соолукту чыңдоо борборуна 23 бала жөнөтүлгөн.

Бул саамалык балдардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын калыптандырууга, жана жайкы эс алуу мезгилин мазмундуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.