Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖАНА МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНДЫ
Кадамжай районунда 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылып, Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр жана мыкты мугалимдер салтанаттуу түрдө сыйланышты.
Өзгөчө сыймык:
“Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү Өзбеков Өмүрбек Закирбаевич ЖРТдан 231 балл алып, “Алтын сертификат” ээси болду.
№10 жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Марзия Мамутова 225 балл алып, жогорку жыйынтык көрсөттү.
200 баллдан жогору көрсөткүчкө жеткен 16 бүтүрүүчү райондук билим берүүнүн сапатынын өсүп жатканын дагы бир жолу далилдеди.
Иш-чарада мыкты жыйынтык көрсөткөн окуучулар жана мугалимдер сыйланып, алардын эмгеги жогору бааланды.
Бул жетишкендиктер — окуучулардын тынымсыз эмгегинин, мугалимдердин аракетинин жана ата-энелердин колдоосунун жемиши.





