Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда Чернобыль апаатынын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленди.

26-апрель күнү Кадамжай районунда Чернобыль өзөктүк электр станциясындагы 1986-жылы болгон кырсыктын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Бул күн – коопсуздук, курмандык жана адам өмүрүнүн баалуулугу тууралуу эскертүү катары дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет.
Иш-чаранын алкагында апаатка катышып, өз өмүрүн тобокелге салган жергиликтүү тургундар эскерилип, аларга сый-урмат көрсөтүлдү.
Райондун акими, мекеме- ишкана жетекчилери катышкан бул иш-чарада гүлчамбар коюлуп, эскерүү сөздөр айтылды. Чернобыль апаатынын кесепеттерине карабай, мекен үчүн кызмат өтөгөн ардагерлердин эрдиги да баса белгиленди.
Бул күн ар бирибизге сабак болуп, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана баалоо зарыл экенин эскертип турат.