Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда ишембилик өткөрүү

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ.
Кадамжай районунда үч айлык көрктөндүрүүнүн алкагында 2024-жылдын 27-апрелинде ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке мекеме-ишканалардын, шаардык мэрия жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери активдүү катышты.
Шаарларда жана айыл аймактарда тазалоо иштери жүргүзүлүп, чоң жолдун жээктери желим баштыктар, бөтөлкөлөрдөн тазаланды.
Таштанды таштоочу жайлар, мүрзөлөр иретке келтирилүүдө. Көчөлөрдү, арыктарды, менчик үйлөрдүн тышкы көрүнүштөрүн тартипке келтирип, актап, сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Ал эми “Жашыл Мурас” өнөктүгүнүн алкагында Бирлик айыл аймагында Аллея уюштурулуп аны көрктөндүрүү максатында 290 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузулду.
Аталган өнөктүктүн алкагында буга чейин район аймагында отургузулган көчөттөрдү сугаруу иштери да колго алынды.