Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА МААНИЛҮҮ ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 3-июлунда Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги алдында жыйын болуп өттү.
Иш-чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Б.Кундузов, УКМК Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы З.Рысалиев, УКМК 3-регионалдык бөлүмүнүн башчысы К.Базаркулов, райондук тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подрядчик уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында айыл өкмөттөрдүн аймагында жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштеринин жүрүшү, алардын сапаты жана белгиленген график боюнча аткарылышы талкууланды. Ар бир подрядчикке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш иштеринде бекитилген талаптардын жана мөөнөттөрдүн так сакталуусун камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди.
Аким Б.Баяке уулу курулуш иштерине өзгөчө көңүл буруп, кайсы гана айыл өкмөт болбосун – ар бир долбоордун ачык-айкын, сапаттуу жана жоопкерчилик менен аткарылышы зарыл экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында жоопкерчиликсиз жана сапатсыз иш алып барган айрым подрядчы уюмдардын иштерине укуктук баа берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.
Мындан тышкары, шаар жана айыл өкмөттөрүндө жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүн ыкчам жана үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү камсыздоо боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү көрсөтмөлөр берилди. Ар бир долбоор боюнча жооптуу тараптар аныкталып, алардын ишине катуу көзөмөл жүргүзүлөрү белгиленди.