Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда массалык түрдө ишембиликтер өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш аракеттер планы жөнүндө Жарлыгын аткаруу максатында бүгүн Кадамжай районунда массалык түрдө ишембиликтер өтүүдө.
Ишембилике район аймагындагы бардык мекеме-ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин аткарып, коомдук жайлар, жол бою жана башка аймактар ирээтке келтирилүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө таштандылар чыгарылып, көчөлөр шыпырылып, бак-дарактар бутап тазаланууда. Иш-чара белгиленген планга ылайык уланууда. Ишембиликке 500дөн ашык жаран активдүү катышып, аймактын тазалыгына жана көрктөндүрүү иштерине өз салымдарын кошушту.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы, ар бир жаранды мындан ары боло турган ишембиликтерге активдүү катышуу менен районубуздун тазалыгын сактоого салым кошууга чакырат.