Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар
Кадамжай районунда мугалимдер арасында предметтик сынак өткөрүлдү
Кадамжай районунда билим сапатын жогорулатуу максатында кыргыз тили, тарых, математика жана орус тили предметтери боюнча мугалимдер арасында предметтик сынак өткөрүлдү. Иш-чара Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен райондук билим берүү бөлүмү, билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюму жана окуу борбору тарабынан уюштурулду.
Тестирлөөгө жалпысынан 1033 мугалим катышып, ар бир предмет боюнча 40 суроодон турган тест тапшырмаларын аткарышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө акимдин орун басары М. Айтматов мугалимдерге кайрылып, сынакты ийгиликтүү өткөрүп алууга ишеним билдирип, билим сапатын жогорулатууда мындай иш-чаралардын мааниси чоң экенин белгиледи.
Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон мугалимдер аныкталып, аларга дем берүү максатында баалуу белектер тапшырылары белгиленди.






