Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашууга багытталган иш-чара өткөрүлдү.

Айдаркен жана Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунун өкүлдөрү Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборуна барып, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана натыйжалуу иш алып баруу боюнча тажрыйба бөлүшүштү.

Жолугушууда адистер өз ара пикир алмашып, кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу катышып, мындай тажрыйба алмашуулар саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Мындай иш-чаралар медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.