Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда үч жаңы бала бакча ачылды

2025-жылдын 29-октябрында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагында 120 орундуу “Чабалекей–Сырт” аттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Исаков, Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Жаңы бала бакча заманбап үлгүдөгү шарттар менен жабдылып, айылдагы балдардын толук кандуу билим жана тарбия алуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Имаратта коопсуздук талаптары сакталган, оюн жана эс алуу бурчтары уюштурулган, билим берүү процессине керектүү каражаттар толук камсыздалган.

Мындан тышкары, ушул күндөрү Кадамжай районунун Тамаша жана Кан айылдарында да үч сааттык эки жаңы бала бакчанын ачылышы өткөрүлүүдө.

Бул демилгелер район аймагында мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү, балдарды эрте курактан окутуп-тарбиялоону жакшыртуу жана ата-энелерге шарт түзүү максатын көздөйт.