Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында көчөт отургузуу иш-чарасы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №265-тескемесине ылайык, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын андан ары илгерилетүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу, айлана-чөйрөнү жакшыртуу жана токойлорду келечек муундар үчүн сактоо, ошондой эле токойлордун, бакчалардын, парктардын жана жашыл бактардын аянтын кеңейтүү максатында Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Разьезд айылында, тактап айтканда Кызыл-Кыя өткөрмө пунктунун жол четине 400 даана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулууда.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Шаменов, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу, Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы жана райондук мекемелердин жетекчилери катышты.

Иш-чаранын планы боюнча чоң жолдун жээктерине 480 даана, съезддерге 120 даана, жалпы 600 даана көчөт эгилүүсү каралган. Бүгүнкү күндө 400 даана көчөт отургузулду.