Актуалдуу окуялар жана иш-чаралар

Кадамжай районунда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушуу болуп өттү

2026-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б. Аманова жана Ы. Атажанов Кадамжай районуна иш сапары менен келишти.

Иш сапардын алкагында депутаттар район аймагындагы социалдык объекттердин абалы менен жеринде таанышып, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жыйын өткөрүлүп, райондогу актуалдуу маселелер талкууланып, тиешелүү сунуштар жана чечимдер каралды.

Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу, райондук мекеме-ишкана жетекчилери, айыл башчылар, аялдар кеңешинин мүчөлөрү, активисттер жана жергиликтүү тургундар катышып, өз сунуштарын жана ой-пикирлерин билдиришти.

Жыйынтыгында коомдук жана социалдык маанилүү маселелер боюнча биргелешкен чечимдер кабыл алынды.